Туголбай казаков биография личная жизнь
Ар бир элдин мактанар, сыймык тутуп өнөрүн сүйөр таланттары болот. Бизде андай арбын арыш керген таланттарыбыз четтен чыгат. Дал ошол өнөр көрөӊгөсү көкүрөгүнө нуска болуп кыттай уюп калган, көп тараптуу Түгөлбай Казаков агайыбыздын бейнесине үӊүлөлү.
– Түгөлбай агай, сиздин чыгармачылыкка болгон ышкыӊыз тээ балалыгыӊыздан башталганын айтып жүрөсүз. Атактуулукка карай жолуӊуз ошондо эле башталган экен да?
– Ал кезде атакты ким ойлоптур? Айылыбыздын аты чыкса деген тилек менен жазчубуз. Бизден улуулардын макала, ырлары гезитке чыгат да, анан алардын жолун уласак дейбиз. Макалаӊ чыкса аябай сүйүнөсүӊ. Мен “Известия” гезитине алгачкы куш кабарым чыкканда укмуш эле болгом. Ананчы, өзүм орусча билбесем, макалам Москвадан орус тилинде чыгып жатса…
– Орусча билбесеӊиз кантип жаздыӊыз анан?
– Ал кезде райондук гезит эки тилде чыкчу. Чыккан макалабыз орус тилине да которулуп басылчу экен. Орусча окубасак аны кайдан билмек элек? Бир агайым “орусчасын кайра көчүрүп, тээ Москвадагы “Правда”, “Известия”, “Труд” деген гезиттерге салып жиберсеӊ, чыгар бекен” деп даректерин берген. Салып жиберсем чыгып кетип жатпайбы!
– Обологон обондор көкүрөктү качан кытыгылай баштаган?
– Обон чыгаруу далалаты мектепте, 8-класста окуп жүргөндө башталган. Райондук гезитке Байдылда Сарногоевдин “Колхоз кызы Жаӊылга” деген ыры чыккан. Мен ары жок ага обон чыгарып ийип, аным ар кайсы обонго окшошуп турганына карабай эл алдына аӊылдап коё берерде, “Ой, бу кайсы Жаӊыл?! Кимдин кызына арнадыӊ эле, ыя?” деген сурак башталганда Кудай мага эс берип, тизгинимди тартып алгам. Ошондон кийин “Алтын балалыкка” чейин обон тууралуу ооз ачкан жокмун. Чыгармачылыкта ар кимди туурап тамтаӊдаган кез болот. Аны бири ачык айтса, бири асмандан түшө калгансып жашырат. Ар бир адам ал кезден өтүш керек экен.
– Өзүӊүзгө журналистика жакынбы же обончу-ырчылыкпы?
– Обон, ыр, поэзия, проза, котормо, журналистика, кыскасы, чыгармачылыктын бардык багыттары адамдагы көркөм дүйнөнү түрлөнтүп чагылдыруучу эстетикалык каражаттар эмеспи. Булардын кайсынысын беттесе да адам ошондон ырахат алып, майнап чыгарса, анда өмүрү текке кетпейт. Эргүү бардыгында бар. Кеп анын сага кандайы келгенинде. Обу жогу келип алса, анда элге шылдыӊ болосуӊ.
– Атактуулуктан эмне таптыӊыз?
– Атак-даӊк сыртынан жайдаӊдап таманыӊа май сүйкөп турганы менен, түпкүлүгүндө акыл-эсиӊди тумандатып, душманыӊды көбөйтүп, нугуӊдан чыгарып, жеӊил-желпи кишини жээктен алыс ыргыта турган кургурлар. Аты чыккан кишинин жолу бир топ эле татаал болот экен. Аны көтөргөн бар, көтөрө албай көйгапка кеткендер бар. Антпешке чоӊ акыл керек. Кечээки досуӊ бүгүн сага көр казып жаткан болот. Тааныбаган эле бирөөлөр кас душманга айланат. Себебин билбеген бойдон каласыӊ. Кыскасы, агын да, карасын да көрдүм. Эӊ эле көӊүлдү кайт кылганы – өз кишиӊдин көрө албастыгы. Эми материалдык байлык жөнүндө айтсам, силерге жалган, мага чын, биздин муундан аты чыккандардын көбүнүн аты улук, супарасы курук. Тээ Атай, Муса, Мыскалдардан бизге чейинкилердин арасында бай обончу болгон деп уктуӊар беле? Мисалы, мен 1980-жылы 2 саат 40 мүнөттөн турган жеке концертимди бердим. Сахнада менден башка эч ким болгон жок. Аккордеон экөөбүз үч күн бою кара терге түшүп турдук. Ошондо мага 4 сом 50 тыйын төлөштү. Ал акчага ошол кезде бир бөтөлкө арак келчү. Популярдуулугум апогейинде турган кезди айтып жатам. Анан кайдан материалдык байлык топтойт элем?
Кийин кайра куруу мезгилинде Асанкалый экөөбүз бир аз концерт койдук. Ошондо деле эки киши чыгасыӊбы, эки жүз киши чыгасыӊбы, концерттен түшкөн таза кирешенин 30 пайызын гана берчү. Азыр 30 пайызын берем деп чакырсаӊ бир да ырчы жеке концертин койбойт. Мунун баарын аки-чүкүсүнө чейин эмнеге айтып жатам? Биздин элде атактуунун баары бай деген түшүнүк бар экен. Мен өмүр бою айлык менен жашадым. Короо толо малыӊ, күргүштөгөн бизнесиӊ, нарктуу акцияларыӊ, жеке ишканаларыӊ болбосо байлык кайдан келмек эле? Же Эстебес ага айткандай, эл бизди арыктын жээгинен акча терип жүрөт деп ойлойбу? Тоолуктардын “Жыйырмага чейин күчү жоктон күч сураба, отузга чейин акылы жоктон акыл сураба, кыркка чейин байлыгы жоктон акча сураба” деген кеби бар эмеспи. Алтымыштан кийин кайдагы байлык?!
– Өзүӊүз эле өргө карай оргуштап чыгып кеттим десеӊиз жаӊылыштык болор. Сизге ким жол көрсөттү, жардам берди?
– Жолго салган, өмүр бою кеп-кеӊешин берген апам менен эки агам болду. Өнөргө тарткандар 60-жылдардагы керемет обончулар. Музыка дүйнөсүнө өтө кылдаттык менен алып кирген Алаев деген агайым. Маданият тармагындагы жолумду көзөмөлдөгөндөр Акун Токтосартов менен Мелис Шаршенбаев. Тогуз жолдун тоомунда жер муштатып саясатка алып кирген Мелис Эшимканов болду.
– Бизде бир жаман касиет бар, жакшыны буттан чалган…
– Ээ, иним, эмнесин айтасыӊ. Андайлар учурунда да болгон, азыр да болуп жатат. Ичи тарлар тирүү турганда бул адат калбайт. Ошондуктан кийинки муунга айтар элем, кекчил, ичи тар, ыплас, ичкичтерге эгерим жакын жолобогула. Кекчили сенден кетпесе деле бир күнү союп түшөт. Ичи тары өзүнөн өйдө чыгарбаш үчүн сага кылбаганды кылат. Ыплас адамды киши экен деп сыйласаӊ төрүӊө кусуп кетет. Булар ырыстуу дасторкондо кеп кылбай тургандар.
– Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты албай калышыӊызга да ушундай түркөйлүк сапатыбыз кедергисин тийгиздиби деп турам…
– Бул жолу берилбей калды деп кейибейм. Казактарда Мукагалы Макатаев деген мыкты акын болгон. Көзү тирүүсүндө бааланбай жүрүп, 1976-жылы 45 жашында каза болуп калган. 24 жылдан кийин ага Абай атындагы мамлекеттик сыйлык берилди. Район, айыл, көчөлөргө аты коюлду. “Мукагалы” деген журнал чыгат. Мукагалы атындагы адабий сыйлык бар. Бирок ал булардын бирин да көрбөй кетти. Ал басынып жүргөн кезде минтип жазыптыр:
“Эмне жетсин тирүүлүктө көргөнгө?
Тек өмүрүм өтпөсө экен шерменде.
Не жини бар?
Бакыт мени көргөндө,
Кетет үркүп, эми жете бергенде”.
Ага жан талаша бут тоскондордун бири өзүнүн эбактан берки жолдошу экен. Ал Мукагалыга келип жойпуланып, мындай чыгып, анын көрүн казып, анын душмандарына кошомат кылып сыйлык-пыйлык алып жүргөнү Мукаӊа жетип калган экен.
“Ары таза дечү элем, жаны жакшы,
Калган көӊүл кантейин, наалымакчы.
Кайда барып, кайраным, жарымаксыӊ?
Сүт издеген түрткүнчөк ак улаксыӊ.
Калемиӊдей учтай бер жагынганды,
Жагындыӊ да, жалындыӊ, багыӊ жанды.
Таӊдандыра билбеген башкаларды,
Таасын билет башкага табынганды”.
Муну жакында Алматыда казак досторум Мукагалынын китебин берип жатып айтып беришти эле. Эмне дейбиз? Казактарда мамлекеттик сыйлык жалпы чыгармачылыкка берилет. Бизде болсо акыркы жаӊылыктарга берилет турбайбы. Ушул күндөрдө жолуккан комиссиянын мүчөлөрү “добушубузду сага бергенбиз, бирок аз болуп калдык” дешет, акылдашып алгандай. Минткендердин саны он бештен ашып кетти. Анан ойлоп коём, комиссия 24 кишиден турса, 70 пайызы мага добуш берсе, демек, добушту санагандар жайлаган экен да. Муну угуп алып бир юрист таанышым “сотко бербейсиӊби, комиссия мүчөлөрүнүн ар бирин сураганда алардын чыныгы жүзүн көрөсүӊ” дейт. Чынында эле жободогу түшүнүксүз нормалар менен процедуралык чала иштерди сотто териштирсе, анан ошол жерден чыгармаларымдын эмне себептен татыксыз экенине ар биринин аргументин уксам дейм. Бул процесстин пайдасы кийинкилерге тиет эле.
– Эми жаш кезге кайрылалы, кыздарды кандай сүйчү элеӊиздер?
– Кандай болмок эле, жолугушууга барчубуз. Анан биздин тилибиз каякадыр тартылып кетчү да, дудуктардай болуп үн жок, сөз жок, колун кармагандан коркуп, башыбыздан түтүн чыккыча ойлонсок да сөз баштай албай басып кете берет элек. Эӊ эле чечендери “күн сууп калды, ээ?” десе берки “ии” деп, ошону менен сөз бүтчү.
– Күчтүү эркектин артында сөзсүз мыкты, акылдуу аял турат деп коёт. Жеӊебиз менен кайдан, кантип табышып калгансыздар?
– Күчтүү эркек, күчтүү аял дегенге анча түшүнө бербейм. Анткени кыйын, күчтүү дегендериӊ деле кайсы бир жерде сууга түшкөн чычкандай шүмүрөйүп калат экен. Ошондуктан күчтүү-мүчтүүсү жок эле, бир мүнөз болгон дуруспу дейм. Үй-бүлөдө болсо күчтүн кереги жок. Эгер жылдызы келишпесе, анда бакытты байласаӊ да турбайт. Биз жубайым экөөбүз бир институтта окуп, таанышып, баш кошконбуз. Акылдашып оокат кылгандарга киребиз. Жеӊеӊер чыгармачылыгымды дайыма колдоп келди.
– Кызыктуу маегиӊизге рахмат! Эл ичинде эсен жүрүӊүз.
“Шайлообек редакцияларга барып, “Түгөлбай илгери “Жамгыр төктүнү” жазып коюптур, ошого эле сыйлыкты беребизби?” деп кыйкырып жүрбөйбү. Шакеӊдин Токтогул сыйлыгын алган “Эки дөөнүн кармашы” чыгырмасынын идеясын мен айтып жаздыргам”.
Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg
“Супер-Инфо” гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу “Супер-Инфо” гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Источник